30.04.2024

Кароолор: (13)

БАТКЕН ШААРЫНДА ЧЕК АРА ОКУЯЛАРЫНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ

Бүгүн 30-апрелде Баткен шаарында 2021-жылы жана 2022-жылда чек арада болгон чырдан улам каза болгон жарандарды эскерүү иш чарасы өткөрүлдү.

Бүгүнкү иш чарада чек арада курман болгондордун элесине арналып тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарлар коюлуп, аларга арналып куран окулду.

Иш чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орну басары Маруфхан Тулаев, Баткен шаарынын мэринин биринчи орун басары Акылбек Орозов чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Борбордук стадиондо уюштурулган, чек ара окуяларында курман болгондордун ата-энелери, жакындары тарабынан бышырылган сүмөлөк ачылды.

Чек арада курман болгондордун жаркын элесине арналган Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кичи футбол боюнча кубогунун ачылышы болду.