14.10.2024
Кароолор: (10)
БАТКЕН ШААРЫНДА ДАГЫ БИР КӨЧӨГӨ АСФАЛЬТ ТӨШӨЛДҮ

Баткен шаарынын 8-март көчөсүнүн 400 метрге жакын узундукка асфальт төшөлдү. Көчөнүн ачылуу аземине КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыяр Калпаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Быйылкы жылдын планына киргизилген көчөлөрдүн катарында аталган жол да бар.
Жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Бул көчөнү тендерден ОсОО “Автомагистрал” компаниясы утуп, учурда жолго асфальт төшөп, элге пайдаланууга берди.