03.12.2024
Кароолор: (5)
БАТКЕН ШААРЫНДА ЭЛЕКТРОМОБИЛДЕРДИ КУБАТТОЧУ СТАНЦИЯЛАР КУРУЛАТ

Баткен шаарында электромобиль авто унааларын кубаттоочу станцияларды куруу максатында мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу үчүн үч тараптуу кызматташуу мемонрандумуна кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын региондорунда мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу механизминин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин алдындагы МЖӨ борборунун, Баткен шаарынын мэриясынын жана “ЭВИОН” жоопкерчилиги чектелген коомунун өз ара кызматташуу максатында меморандумга кол коюлду.
Кол коюу аземи Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин төртүнчү отурмунда өткөрүлдү.