02.04.2024

Кароолор: (10)

БАТКЕН ШААРЫНДА КӨЧӨТ ОТУРГУЗУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Бүгүн 2-апрелде Баткен шаарынын мэриясынын жана муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлери Баткен шаарындагы Ж. Момунов атындагы көчөгө 100 дөн ашуун декоративдүү ийне жалбырактуу жана 100 дөн ашуун жазы жалбырактуу көчөттөрдү олтургузушту.

Мындан сырткары Ош-Баткен-Лейлек жолунун жээктерине, шаардын күн чыгыш тарабына 50 түп павловния дарагынын көчөттөрү тигилди.

Жалпысынан Баткен шаарынын мэриясы миң түптөн ашуун жазы жана ийне жалбырактуу декоративдик көчөттөрдү алып келип, учурда отургузуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 2 миңге жакын карлик түрүндөгү роза гүлүнүн көчөттөрү алынган.