05.03.2024
Кароолор: (15)
БАТКЕН ШААРЫНДА КУРГАК УЧУККА КАРШЫ АКЦИЯ ӨТТҮ

24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Баткен шаарында акция өттү.
Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгынын алкагында өткөрүлгөн иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен шаарынын мэринин орун басары Мансурбек Маматисаев, Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кадырова, дарыгерлер жана шаар тургундары катышты.
Акциянын жүрүшүндө тийиштүү мекемелер тарабынан, Баткен шаарынын борбордук аянтында, шаар тургундары үчүн кургак учук оорусу боюнча маалымат берилип, суроо жооптор айтылып кызыктыруучу белектер тапшырылды ошондой эле уюштуруучулар тарабынан акысыз медициналык жардам көрсөтүлүп, ыссык чай дагы уюштурулган.
Акциянын жүрүшүндө оюн зооктор болуп, соңунда сергек жашоого үндөө максатында узака чуркоо боюнча мелдеш уюштурулуп, медаль жана белектер тапшырылды.