16.06.2024
Кароолор: (10)
БАТКЕН ШААРЫНДА КУРМАН АЙТ НАМАЗЫ МЕЧИТТЕРДЕ ОКУЛДУ

Мусулмандардын башкы майрамдарынын бири Курман айт майрамы 16-июнга туш келди. Быйылкы Курман айт намазы жума намазы окулуп жүргөн мечиттерде окулду.
Эрте менен Баткен шаарындагы борбордук мечитте Курман айт намазына чейин Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров баян айтып, куттуктоо сөз сүйлөдү.
Бүнкү Курман айт намазына Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Маруфкан Тулаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун акими Учукунбек Жоробаев жана мекеме-ишканалардын жеткчилери, катышып, жалпы момун мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктап, Жараткандан жакшылыктарды тилеп, элге ырыс-ынтымак, бакубат жашоо өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү, бейкутчулукту берсин. Бардык үй-бүлөгө ден соолук, тынчтык жана ынтымак болуусуна тилектер айтылды.
Мэр: “ Жалпыбыздын курмандыктарыбызды жараткан кабыл кылган болсун. Курман айт майрамы өзү менен кошо алып келген боордоштук, өз ара жардамдашуу сезими менен бүткүл аалам тынчтыкта, аман-эсенчиликте болсун! Азыркы учурда ажылык сапарда жүргөн баардык момун мусулмандардын ажылыгы кабыл болсун! Баткенден ажылыкка барган туугандарыбыз эсен аман жергебизге келсин.”-деди калаа башчысы Имамназар Бурканов.