13.06.2024

Кароолор: (29)

БАТКЕН ШААРЫНДА КЫЗАМЫК МЕНЕН ООРУГАН 16 УЧУР КАТТАЛГАН

Кызамык жана кызылча ооруларын алдын алуу же эмдөөдөн массалык түрдө өтүү боюнча Баткен шаарынын мэриясында жыйын болду.

Жыйынга Баткен шаарынынын мэриясынын социалдык, маданий секторунун башчысы Мансурбек Маматисаев, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен шаар, районунун баш имам хатиби, имамдар, шаардын аймактык башкармалыктын башчылары, медицина кызматкерлери катышты.

Кызамык менен ооруган балдардын санынын өсүүсү өз убагында эмдөөдөн өтпөгөндөрдүн саны көп болуп жаткандыгы себеп болгон.

Медицина кызматкерлери көпчүлүк учурда диний көз караштагы жарандар балдарын эмдөөдөн өткөрбөй жаткандыгын жүйөө келтирди, бирок дин өкүлдөрү бул айыптоого макул эместигин билдирдиришти, анткени эмдөөдөн өтүү боюнча атайын фатба чыкканын, эмдөөдөн өтүүгө өздөрү үгүт жүргүзүп келгендиктерин айтышты.

Эмдөөдөн өтпөөнүн оңой жолун тандаган тургундар бул эмдөө арам экендигин айтышып, аны албай койууга аракет жасашаары айтылды. Медицина кызматкерлери кызамыкка каршы эмдөөдө колдонулуучу дарыда арам деп айтылган нерсе жок экендигин белгиледи.

Кызамык 6 айлык баладан 7 жашка чейинки балдар арасындагы коркунучтуу ооруу экендигин медицина кызматкерлери айтышып, ага каршы эмдөөдөн өтүү менен гана сактануу керектигин белгилешти.

Ушул жылдын 13-июнунан массалык түрдө кызамык жана кызылча ооруусуна каршы эмдөө жүргүзүлөт.