05.03.2025
Кароолор: (2)
БАТКЕН ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ ЖАНА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнүн кабыл алынган күнү катары жана 5-март улуттук баш кийим Ак калпак күнү белгиленип, майрамдык иш чара өткөрүлдү.
Майрамдык иш чарада Кыргыз Республикасынын Туусу салтанатуу түрдө жоокерлердин коштоосунда аянттан өттү.
Салтанаттын расмий бөлүгүн Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев ачып, Баткен шаарынын тургундарын жана конокторун бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
Байыркы Кыргыз эли үчүн Туу өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туу уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн чагылдырып турат. 3-март Баарыбыз үчүн мекенчилдиктин, ийгиликтин, жеңиштин белгиси болгон мамлекеттик туубуздун кабыл алынган күнү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилип, 5-март күнү Өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн.
Ал эми 5-март Ак калпак күнүн 2011-жылдан бул майрамды кыргыз калкыбыз майрамдап келген болсо, расмий түрдө 2016-жылы Жогорку Кеңештин 29-июнунда атайын токтомунун негизинде улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.
Ак калпак - тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестетет. "Манас" эпосунда да Кыргыздар калпагын башынан түшүрбөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө, аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт жана тебелеткен эмес.