15.03.2024
Кароолор: (10)
БАТКЕН ШААРЫНДА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТӨТ

Эртен 16-март күнү Баткен шаарынын аймагында айлана чөйрөнү тазалоо, имараттарды иретке келтирүү, көчөлөрдү тазалап, арыктарды таштандыдан арылтуу боюнча массалык ишембилик өтөт.
Баткен шаарында жайгашкан облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын, менчигинин түрүнө карабастан жеке жактардын көчөлөрдө, короо аймактарында талаптагыдай санитардык абалда тазалоо.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 13-мартындагы “Баткен облусунун аймагында шаарлардын жана калктуу конуштардын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жөнүндө” №61-б буйругун аткаруу жана Баткен шаарынын мэринин 2024-жылдын 13-мартындагы “Баткен шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү жөнүндө” №70 буйругу, иш-чаралардын планы негизинде жогоруда айтылган ишембилик өткөрүлүп жатат.