15.02.2025
Кароолор: (10)
БАТКЕН ШААРЫНДА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТҮП ЖАТАТ

Шаар аймагында жайгашкан мекеме ишканалар өз аймагын тазалоо иш чарасын өткөрүп жатышат.
Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлери имараттын айланасын тазалап, иретке келтирди. Ошондой эле Жибек жолунун жээктерин таштандылардан арылтып, аталган жолдун боюнда жашаган жашоочуларга айланасын таза кармоого чакырды.
Буга чейин Баткен шаарынын аймагында жайгашкан мекеме ишканалар, менчигинин түрүнө карабастан шаардын тазалыгы үчүн 1-мартка чейин ар ишемби күнү ишембиликке чыгуу керектиги эскертилген.
Шаарда жайгашкан мамлекеттик ишканалар жана дүкөндөр, коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине тазалыкты сактоо тууралуу мэрия тарабынан эскертүүлөр берилген.
Эскертүүлөр аткарылбаса мыйзам чегинде 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин айып пул салынат.