30.11.2025
Кароолор: (9)
БАТКЕН ШААРЫНДА МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛОО РАСМИЙ СТАРТ АЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо Баткен шаарында расмий башталды.
Шайлоонун ачылыш аземи Баткен шаарындагы №8177 шайлоо участкасында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев катышты.
Калаа башчысы Сейтек Кулубаев аталган шайлоо тилкесинде аралыктан добуш берип, жарандык милдетин аткарды.
Баткен шаарында жалпы 11 шайлоо тилкеси даярдалып, быйыл 19,5 миңге жакын шайлоочу добуш берүү укугуна ээ экени белгиленди.










