04.03.2024
Кароолор: (17)
БАТКЕН ШААРЫНДА ТУУ ЖАНА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

3-март Кыргыз Республикасынын Туу күнүнүн кабыл алынган күнү катары жана 5-март улуттук баш кийим Ак калпак күнү белгиленип, майрамдык иш чара өткөрүлдү.
Майрамдык иш чарада Кыргыз Республикасынын Туусу салтанатуу түрдө жоокерлердин коштоосунда аянттан өттү.
Байыркы Кыргыз эли үчүн Туу өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туу уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн чагылдырып турат. 3-март Баарыбыз үчүн мекенчилдиктин, ийгиликтин, жеңиштин белгиси болгон мамлекеттик кызыл туубуздун кабыл алынган күнү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңеши тарабынан бекитилип, 5-март күнү өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн.
Баарыбызга белгилүү болгондой эле былтыркы жылы Жогорку Кеңеште Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Ал 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан тартып күчүнө кирген.
Ал эми 5-март Ак калпак күнү.
Негизинен 2011-жылдан бул майрамды кыргыз калкыбыз майрамдап келген болсо, расмий түрдө 2016-жылы Жогорку Кеңештин 29-июнунда атайын токтомунун негизинде улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.
Ак калпак - тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестетет. "Манас" эпосунда да Кыргыздар калпагын башынан түшүрбөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө, аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт жана тебелеткен эмес.
Майрамдын жүрүшүндө куттуктоо сөздөр айтылып, ыр, бий менен коштолду.