01.07.2024

Кароолор: (8)

БАТКЕН ШААРЫНДА ҮЧ ЭМ ТӨРӨЛДҮ

Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын тургуну Каримберди уулу Нурсултанбек менен Элмира Абдыкалыковалар ушул жылдын 19-июнь күнү үч эмдүү болушкан.

Бүгүн 1-июль күнү Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов үч эмдин ата энелерин куттуктап, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен кошо үч колясканы белек кылды.

Үчөө тен кыз. Аларга Мариям, Муслима жана Малика деген ысымдар ыйгарылган.

Нурсултанбек менен Элмиранын буга чейин бир кызы болгон.