19.06.2024
Кароолор: (8)
Баткен шаарында жалпы суммасы 250,0 млн сомду түзгөн долбоор ишке ашат

Баткен шаарында долбоордун жалпы суммасы 250,0 млн сомду түзгөн, 3 блоктон турган муниципалдык соода-сатык комплексин куруу долбоору ишке ашууда. Учурда соода-сатык комплексинин 1-блогундагы курулуш иштери жүрүүдө.
Долбоорду ишке ашыруу үчун Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак аймагынын “Айгүл-Таш” көмөк чордону участкасынан 15,0 га жер тилкесин бөлүп берген. Бүгүнкү күндө соода-сатык комплексинин 1-блогунун пайдубалы түптөлүп, фермасы жасалып курулуш иштери 70%га аткарылган. Учурда монтаждоо иштери жүрүп жатат. Быйыл 2024-жылдын күз айларында соода-сатык комплексинин 1-2-блоктору пайдаланууга берилет. Долбоор толугу менен ишке берилсе Баткен шаарынын жана Баткен районунун аймагынан 2500-3500 жаран соода сатык жумуштары менен камсыз болот.
Муниципалдык соода-сатык комплексинде азык-түлүк, кийим-кече, айыл чарба, курулуш, унаа жана техникалык материалдарды сатуучу борборлор курулуп, тейлөө, тамак аш, унаа токтоочу жайлар уюштурулат.