20.12.2024

Кароолор: (8)

БАТКЕН ШААРЫНДА “ЖАҢЫ ЖЫЛ - 2025” БАЛАТЫ ЖАНДЫРЫЛАТ

Баткен шаарында жаңы-жылдык балаты 23-декабрда жандырылып, майрамдык иш чара өткөрүлөт.

Балатынын жандырылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдор катышып куттуктоо сөз сүйлөшөт.

Баткен шаарынын борбордук аянтчасында өткөрүлгөн майрамдык иш-чара: Саат 18:30 да башталат.

Балатыны жандыруу майрамдык иш-чараны А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма-театры тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар жана жаштар үчүн жалпы майрамдык бий (дискотека) менен коштолот.

Урматтуу Баткен шаарынын тургундары жана коноктору 23-декабрь күнү борбордук аянтчага майрамдык иш чарага чакырабыз.