17.12.2025
Кароолор: (2)
БАТКЕН ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ САЛТАНАТТУУ ТҮРДӨ ЖАНДЫРЫЛДЫ
Бүгүн, 17-декабрда Баткен шаарында Жаңы жылдык башкы балаты салтанаттуу түрдө жандырылды. Майрамдык иш-чара шаардын борбордук аянтында өтүп, шаар тургундарына жана конокторуна өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.
Балаты жандыруу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев баштаган жетекчилер, ошондой эле мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, жаштар жана шаар эли катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Айбек Шаменов жана Сейтек Кулубаев катышуучуларды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, Баткен шаары үчүн өткөн жыл жемиштүү болгонун белгилешти. Алар жаңы жылда өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак, өнүгүү жана ар бир үй-бүлөгө бакубат жашоо каалашты.
Балатынын жарыгы жанган учурдан тарта аянтта майрамдык концерттик программа башталып, маданият кызматкерлеринин, чыгармачыл жамааттардын жана жаш таланттардын өнөрлөрү тартууланды. Ошондой эле жаштар үчүн көңүлдүү музыка менен коштолгон майрамдык дискотека уюштурулуп, иш-чара шаардын тургундарына жагымдуу маанай тартуулады.
Жаңы жылдык балатынын жандырылышы Баткен шаарында майрамдык иш-чаралардын башталышына жол ачып, шаарда жаңы жылдык шаңдуу атмосфера түзүлдү.





