31.12.2025

Кароолор: (10)

БАТКЕН ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТҮҮДӨ

Баткен шаарында Жаңы жылга арналган салтанаттуу майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, Баткен шаарынын мэринин орун басары Акылбек Орозов катышып, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаевдин атынан шаардыктарды жана келген конокторду Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Ошондой эле Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов да катышып, элди жаңы жылы менен куттуктады.

Майрамдык кечеде маданият кызматкерлеринин катышуусунда концерттик программа тартууланып, шаар тургундарына көӊүлдүү маанай тартууланды.

Ошондой эле Баткен шаарынын мэриясы тарабынан «Эң мыкты костюм», «Оригиналдуу Аяз ата жана Аяз кыз», «Эң мыкты жасалгаланган мекеме-ишкана» жана «Эң мыкты жасалгаланган жеке сектор» номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чара шаардыктар үчүн унутулгус майрамдык маанай жаратып, Жаңы жылды шаан-шөкөт менен тосууга өбөлгө түздү.