19.04.2024
Кароолор: (18)
БАТКЕН ШААРЫНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫН БААЛОО ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Бүгүн 19-апрелде Баткен шаарында өткөрүлгөн Жарандык коргонуунун абалын баалоо иш-чарасынын соңку күнү өткөрүлдү.
17-19-апрель күндөргө бекитилген Баткен облусу боюнча жыйынтыктоочу иш-чарага ӨКМдин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы полковник Алмаз Асанов, облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов баштаган жетекчилер катышты.
Алгач Баткен шаарындагы Жарандык коргонуу күч каражаттары менен таанышып чыгышты.
Иш чарада кызматтардын өзгөчө кырдаал учурундагы аракети жана көйгөйлүү маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Шаардагы коомдук тартипти сактоо, медицина кызматы өз тармагында кемчиликтер жок экендигин билдирди.
Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде күйүүчү май жана тамак-аш азыктарын камсыздоо боюнча тараптар менен келшим түзүлүп, иш кагаздары толук каралган.
Шаардагы башка мекеме ишканалар да толук даяр экендиги айтылды.
Ошондой эле шаардагы техникалар менен таанышкан курам, бул жаатта көйгөй жок экендиги белгиленди.