18.04.2024

Кароолор: (12)

БАТКЕН ШААРЫНДА ЖАРНАМАЛЫК МААЛЫМАТТАРДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН САКТАЛЫШЫ БОЮНЧА РЕЙД ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун № 83-Б токтомуна ылайык шаардагы М. Нургазиев, Сайдыман ажы, М.Салихов, И.Раззаков, Т.Садыков, И.Жусупов көчөлөрүнө рейд жүргүзүлдү. Аталган көчөлөрдө жайгашкан соода-сатык түйүндөр, сулуулук салондор, тамактануучу жана башка кызмат көрсөтүүчү жайлар текшерүүгө алынып, мамлекеттик тил мыйзамын одоно бузган, грамматикалык каталар орун алган, өңү өчүп, эскилиги жеткен, архитектуралык талаптарга жооп бербеген жарнамаларды оңдоо жана алып салуу иштери жүргүзүлдү.

Рейд учурунда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын талаптары сакталбаган 39 менчик ээлерине 10 күн аралыгында жарнамаларды туура, сабаттуу жызып, кайра жайгаштыруу боюнча эскертүү берилди.

Мындан ары да Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жана Баткен шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча комиссиянын кызматкерлери тарабынан шаардын көчөлөрүнө илинген бардык жарнамаларды, маалыматтарды мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү иштери күчөтүлгөн тартипте улантылат.