29.12.2025

Кароолор: (10)

БАТКЕН ШААРЫНДА “ЖЕҢИШ” ЖАНА “ЖАШТЫК” СЕЙИЛ БАКТАРЫНЫН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, шаар тургундары, ардагерлер, жаштар жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу ачылышта расмий коноктор куттуктоо сөз сүйлөп, бул сейил бактар шаар тургундары үчүн эс алуу, маданий жана тарбиялык мааниси чоң коомдук жай экенин белгилешти. Ошондой эле Баткен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү, жашыл аймактарды көбөйтүү жана шаардыктардын жашоо сапатын жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту.

Ачылыш аземи маданият кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулган концерттик программа менен коштолуп, улуттук ыр-бийлер, көркөм номерлер тартууланды. Майрамдык маанай шаар тургундарына жакшы маанай тартуулап, иш-чарага өзгөчө шаң кошту.

Жаңыча көрк алган сейил бактар эс алуучу отургучтар, түнкүсүн өзгөчө көрк берип, жарыктандыруулары менен оргума, сейил бактар жарыктандыруу тутуму, жашылдандыруу элементтери менен жабдылып, балдар жана жаштар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Бул коомдук жайлар мындан ары шаардыктардын сүйүктүү эс алуу жайына айланары белгиленди.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан Баткен облусунда “Аймактарды өнүктүрүү долбоорунун” алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) каржылоосу менен ишке ашырылды.