07.03.2024
Кароолор: (12)
БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ АЙЫМДАР СЫЙЛАНДЫ

8-март – Аялдардын Эл аралык майрамынын урматына Баткен шаарындагы көп балалуу баатыр энелер, мекен чегинде баатырларча курман болгон жоокерлердин энелери, жубайлары жана шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон алдыңкы айымдарга Баткен шаарынын мэриясы тарабынан сый тамак уюштурулуп, белектер берилди.
Айымдарды сыйлоо иш чарасына Баткен шаардык кеңешинин төрагасы Алтынбек Аширов, Баткен шаарынын мэринин орун басары Мансурбек Маматисаевдер катышып, айымдарга каалоо сөз сүйлөп, белектерди тапшырды. Ошондой эле Баткен шаарынын мериясы тарабынан коомчулукта өзгөчө орду бар аймдарга ардак громата, алкыш барагы берилди.
8-март – Аялдардын Эл аралык майрамына карата уюштурулган сыйга жалпысынан шаардагы 80 ден ашуун айымдар чакырылган.
Майрамдык иш чараны жергиликтүү таланттар коштоп, жагымдуу маанай тартууланды.