07.03.2025

Кароолор: (13)

БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ АЙЫМДАР СЫЙЛАНДЫ

8-март – Аялдардын Эл аралык майрамынын урматына Баткен шаарындагы көп балалуу баатыр энелер, мекен чегинде баатырларча курман болгон жоокерлердин энелери, жубайлары жана шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон алдыңкы айымдарга

Баткен шаарынын мэриясы тарабынан белектер берилди.

Айымдарды сыйлоо иш чарасына Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев катышып, айымдарга каалоо сөз сүйлөп, белектерди тапшырды.

Ошондой эле Баткен шаарынын мериясы тарабынан коомчулукта өзгөчө орду бар айымдарга ардак громата, алкыш барагы берилди.

8-март – Аялдардын Эл аралык майрамына карата уюштурулган иш чарага шаардагы 100 дөн ашуун айымдар чакырылган.

Майрамдык иш чараны жергиликтүү таланттар коштоп, жагымдуу маанай тартууланды.