26.02.2024

Кароолор: (6)

БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ БААЛАРГА БОЛГОН КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Бүгүн 26 – февралда Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын Баткен аймактык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адиси менен биргеликте Баткен шаарындагы азык-түлүк соода түйүндөрүнө жана көмүр сатылуучу жайларындагы социалдык жактан маанилүү болгон товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторингдин жыйынтыгында социалдык жактан маанилүү болгон товарлардын баалары туруктуу абалда экендиги төмөнкүчө такталды:

- 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 1 кг.30,00-36,00 сом;

- 2-сорттогоу буудай уну (жергиликтүү) 1 кг.25.00-28,00 сом;

- Уй эти 1 кг. 530,00 сом;

- Кой эти 1 кг.600,00 сом;

- Күрүч (жергиликтүү) 1 кг.130,00-160,00 сом;

- Кум шекер (Кыргызстан) 1 кг 75,00-85,00 сом;

- Тазаланган өсүмдүк күн карама майы 1 л.110,00-120,00 сом;

- Жумуртка 10 даанасы 100-130,00 сом;

- Нан азыктары (тандыр нан) 1 кг.80,00-95,00 сом;

- Шифер 1 даанасы.460,00-470,00 сом;

- Цемент 1 кг.7,00-8,00 сом;

- Бензин А92 1 л.63,90 сом;

- Баткен шаарында Сүлүктү көмүрү 1 кабы 350-360 сомго чейин сатылып жаткандыгы бергилүү болду.