21.06.2024

Кароолор: (10)

БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАРГА КАЙРЫЛМАН СТАТУСУ БЕРИЛЕТ

Баткен шаарынын аймагында жашап жаткан 7 (жети) этникалык кыргыздарга кайрылман статусун берүү боюнча Баткен шаарынын мэриясы түзгөн атайын комиссия бүгүн 21-июнда Баткен шаарынын мэриясынын кичи залында карашты.

Түзүлгөн комиссия, башка өлкөнүн жарандыгы бар, бирок Кыргызстандын аймагында жашап жаткан этникалык кыргыздарга кайрылман статусун берүү үчүн арыз менен кайрылгандардын тийешелүү документтерин кароого алып, жашаган үй даректерин тактады.

Жыйынтыгында 7 (жети) атуулга кайрылман статусун берүү боюнча тийешелүү жогорку бийлик бутактарына сунуш берүү чечими кабыл алынды.