25.12.2024

Кароолор: (12)

БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Баткен районунун прокуратурасынын демилгеси менен 2024-жылдын 25-декабрында Баткен шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы 1 сандуу Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2-К сандуу Көрсөтмөсүнүн талаптарын аткаруу максатында ири жана чакан ишкердик субьекттери менен прокуратуранын, Мамлекеттик салык кызматынын, Баткен шаарынын мэриясынын жана тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуу учурунда прокуратура кызматкерлери ишкердик субьекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ошондой эле ишкердик субьекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу, бул жолугушуунун негизги максаты деп белгиледи.

Андан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө прокуратура кызматкерлери ишкердик жүргүзүүдө укук коргоо органдары жана мамлекеттик салык кызматы тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөргө, тоскоолдуктарга дуушар болсо ишеним телефондорго байланышып, билдирүү жасаса болоору айтылды.

Бул багытта иш-аракеттер улантылууда.