14.02.2025

Кароолор: (12)

БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ КООМДУК ТАРТИПТИ САКТОО БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Баткен шаарынын аймагындагы мектептерде жогорку класстын окуучулары менен Баткен шаарынын мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун башчысы Мансурбек Маматисаев, Баткен райондук прокурордун улук жардамчысы, Баткен ШИИБдин башчысы, Баткен шаарынын жана райондун имам хатиби жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда мектеп окуучуларына коомдук тартипти сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Окуучуларга кылмыштуулукту болтурбоо, зордук-зомбулукка бөгөт коюу, жаштар арасында мектеп рэкетчилигине жол бербөө, жаш балдарды жол коопсуздугунан сактоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан алыс болуу, жана эрте никеге туруунун терс көрүнүштөрү түшүндүрүлүп, эскертмелер берилди.

Түшүндүрүү иш чарасы, шаардагы билим берүү ордолорунда жүргүзүлүүдө. Аталган иш чара байма-бай өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери уланат.