20.02.2025
Кароолор: (14)
БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ ОКУУЧУЛАРГА ЖАНА АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Баткен шаарындагы мектептерде мугалимдер, окуучулар, ата-энелер комитетинин төрагалары жана төрайымдарынын катышуусунда коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда.
Шаар аймагындагы мектептерде жогорку класстын окуучулары менен Баткен шаарынын мэриясынын, Баткен ШИИБи жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы жолугушууларды өткөрүп жатышат.
Жолугушууда мектеп окуучуларына жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, рекетчиликтин жана эрте никеге туруунун терс көрүнүштөрү түшүндүрүлүүдө.
Мындай түшүндүрүү иш чаралары мектептерде гана эмес шаардын аймактык башкармалыктарында да уюштурулуп, жалпы шаар тургундарына жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо боюнча айтылууда.