05.09.2024

Кароолор: (8)

БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ СОЦИАЛДЫК КОНТРАКТ АЛГАНДАР ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯ АЛСА БОЛОТ

Баткен шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 390-тескемесин ишке ашыруу максатында, 2022-2023-жылдары Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган жарандар “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” ачык акционердик коомдору аркылуу пайызсыз насыя алууга болорун жана социалдык контракт түзүлгөн жарандардын тизмелери аталган банктарга жөнөтүлгөндүгүн билдирет.

Маалымат катары, алты айдан кем эмес ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу (жеке ишкер, патент, жоопкерчилиги чектелген коом) документи бар социалдык контракттын катышуучусу пайызсыз насыя алуу үчүн Программага катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Социалдык контракттын катышуучулары бекитилген бизнес-планга ылайык ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 000 (эки жүз миң) сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат.

Катышуучулар пайызсыз насыя алгандан кийин 3 (үч) ай жеңилдик алышат (төлөнбөйт), андан кийин 3 (үч) жылдын ичинде ай сайын бирдей үлүштөр менен төлөө жүргүзүлөт. Программага катышуу үчүн “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдоруна кайрылуусу зарыл.