07.02.2025
Кароолор: (5)
БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ «ЖАШТЫК» ЖАНА «ЖЕҢИШ» СЕЙИЛ БАКТАРЫН РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ИШИ БАШТАЛДЫ.

Бүгүн 7-февралда сейил бактардын курулушуна мезгил кутусу салынды.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан Баткен облусунда “Аймактарды өнүктүрүү долбоорунун” алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) каржылоосу менен ишке ашырылууда.
Сейил бактардын толук бүтүү убактысы бир жыл деп эсептелген, бирок тендерден уткан компания убактысынан мурда ушул жылдын 31-августуна бүткөрүп берүүнү убадалады.