24.07.2025
Кароолор: (121)
БАТКЕН ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛДАГЫ БЮДЖЕТ БОЮНЧА КООМДУК УГУУ ӨТТҮ
Бүгүн, 24-июль күнү Баткен шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин бөлүштүрүлүшү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Иш-чарага Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев, шаардык кеңештин төрагасы Алтынбек Аширов, тийиштүү мекеме жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты.
Коомдук угуунун жүрүшүндө шаар тургундары өз аймактарындагы көйгөйлөрдү ортого салышты. Өзгөчө көңүл бурулган маселелердин катарында таза суу менен камсыздоо, таштанды көйгөйү, көчөлөрдү жарыктандыруу, бала бакча жана билим берүү мекемелердин жетишсиздиги баса белгиленди.
Иш-чаранын негизги максаты — жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын жана сунуштарын угуп, 2026-жылга карата бюджеттин приоритеттүү багыттарын так аныктоо болду.
Мэр Темирболот Абыкеев элдин ар бир айткан пикири жана сунушу эске алынып, алар бюджет долбоорунда көңүлгө алынарын белгиледи. Коомдук диалог ачык форматта өтүп, тургундар түз суроолорду берип, өздөрүнө тиешелүү жоопторду ала алышты.
Жыйынтыгында, коомдук талкуунун негизинде 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору түзүлүп, ал шаардык кеңештин кароосуна сунушталмакчы.