15.11.2024

Кароолор: (23)

“БАТКЕН ШААРЫНЫН 25 ЖЫЛ” ЮБИЛЕЙЛИК МЕДАЛЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиянын чыгарган чечимине ылайык Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата буйрук чыгарылып ага Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов кол койгон.

Буйрукта Баткен шаарынын түзүлүшүнө, түптөлүшүнө, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн Баткен шаарындагы эмгек ардагери, коомдук ишмер, мугалим, жана жеке ишкерлер “Баткен шаарынын 25 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды.