05.06.2024

Кароолор: (320)

БАТКЕН ШААРЫНЫН 25 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МЭР ИМАМНАЗАР БУРКАНОВ МЕНЕН МАЕК

Суроо:

-Имамназар Апызович быйыл Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толуп олтурат, юбилейлик датага даярдыктар тууралуу кеп курсак.

-Жакшы болот. Адегенде эле сөзүмдү өлкө башчыбыз Жапаров Садыр Нургожоевичтин сөзүнөн баштагым келип турат. Ажобуз “Аймактар өнүксө - өлкө өнүгөт” деген чакырык менен өлкөнү өнүктүрүүдө аймактарды таяныч катары алгандыгы эң туура кадам деп ойлойм. Анын ичинде Баткен облусун өнүктүрүүгө масштабдуу колдоо көрсөтүп, “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы, облусту өнүктүрүү Программасы жана аны ишке ашыруу багытында Жол картасы иштелип, негизинен айыл чарба, жолдорду оңдоо, балык чарба, ирригация жана жашылдандыруу жаатындагы иш чараларга каржылык колдоо көрсөтүлүүдө.

Жогоруда белгиленгендей быйыл Баткен облусуна, анын борбору болгон Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толот. Бул юбилейлик даталар мамлекеттүүлүгүбүздун башаты болгон Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзулгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында белгиленет. Баткен шаарынын 25 жылдыгын уюштуруп өткөрүү боюнча Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 15-майындагы №184-б буйругу кабыл алынып, иш чаралардын планы бекитилди. Уюштуруу тобу түзүлгөн. Ошондой “25 жылдыкка 25 иш чара” аттуу демилге колдоого алынып, иш чаралардын планы бекитилди. Учурда шаардын аймагындагы бардык иш чаралар 25 жылдыктын алкагында өткөрүлүп жатат. Баткен шаарынын 25 жылдыгына карата эмблеманын жана юбилейлик медалдын эскизин иштеп чыгууга сынак жарыяланган, сынактын женүүчүлөрү Баткен шаарынын мэриясынын акчалай сыйлыктары менен сыйланат.

Айта кетүүчү нерсе учурда Баткен шаарынын аймагында бир катар социалдык объектилер курулуп жатат. Мына ошол курулуш объектилеринин бүтүп, пайдаланууга бериле тургандары такталып, буюрса 25 жылдыкка карата ачылышы болмокчу. Ошондой эле бардык тармактарда юбилейлик иш чаралар өткөрүлөт. Социалдык тармакта айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалоо иштеринен тартып көрүнүктүү жерлерди өзгөчө дизайн менен жасалгалоо иштери жүрмөкчү, бул багытта жумушчу топ түзүлүп, иштеп жатат. Мындан сырткары кароо-сынактар, фестивалдар жана көргөзмө-жарманкелер уюштурулат.

Суроо:

-Учурдан пайдаланып, Баткен шаарында өнүктүрүү программасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтоло кетсениз.

-Албетте, өнүктүрүү программасында кабыл алынган 2035-жылга чейин али көп убакыт бардай сезилиши мүмкүн. Бирок бул мезгил аралыгында коюлган милдеттер чоң иштерди аткарууну талап кылат.

Мамлекет тарабынан Баткен облусун өнүктүрүүгө масштабдуу колдоо көрсөтүлүп, жыл сайын республикалык бюджеттен 500 млн сом каражат бөлүнүп келүүдө. Атап айтканда, облус борбору болгон Баткен шаарын өнүктүрүү жана жарандардын пикирин эске алуу менен Баткен облусун 2035-жылга чейин өнүктүрүү Жол картасына 3 иш чара сунушталып, 2023-жылга 70 млн сом бөлүнүп, муниципалдык автобекет жана соода-сатык комплексин куруу долбоору ишке ашууда. Ал эми быйылкы 2024-жылга 185 млн сом бөлүнүп, жогорудагы курулуш иштери улантылууда. Ошондой эле жеке ишкерлерге шарт түзүү, өнөр жайын өнүктүрүү максатында өнөр жай зонасынын инфратүзүмүн жакшыртуу багытында долбоорлор ишке ашырылууда. Бул долбоорлор бүткөрүлсө, шаар аймагында көйгөй жаратып келген бир топ көйгөйлөр чечилип, түзүлүп,ошол эле учурда жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмүн жогорулатууга, жаңы жумуш орундарынын пайда болушуна жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Дүйнөлүк масштабдагы көйгөй болуп келаткан ирригация маселеси биздин аймакта да бар. Ага соңку жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөр да таасир берүүдө. Статистикалык маалыматтарга таянсак, өлкө боюнча айыл чарбасынын үлүшү 37 %дан 14 %га чейин төмөндөсө, соода менен кызмат көрсөтүүнүн үлүшү 32 %дан 46 %га чейин кескин көбөйгөн. Ошондуктан, биздин аймактын жана экономиканын маанилүү бөлүгү болгон айыл чарба, азык - түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында биздин аймакта бир топ долбоорлорду ишке ашыруу пландалган.

Алсак, Баткен облусун 2035-жылга чейин өнүктүрүү Жол картасына сунушталган Чет-Булак жана Аэропорт участкаларына сугат суу каналын куруу долбоору ишке ашырылса, Баткен шаарынын кайра бөлүштүрүү фондунун 54 га жер аянтына сугат суу жеткирилип, дың жерлер өздөштүрүлөт. Айыл чарба тармагы жанданат.

Мындан тышкары, Кызыл-Жол аймагындагы “Кара-Тоо” суу насостук станциясын ишке ашыруунун алкагында 400 га жер аянтына сугат суу жеткирилип, 800-1200 жаран жумуш оруну менен камсыз болот.

Ошондой эле, шаардын Төрт-Гүл участкасынан 225,0 га жер аянтына тамчылатып сугаруу менен бадам көчөттөрүн отургузуу долбоору ишке ашууда. Учурда 30,0 га жер аянты өздөштүрүлүп, “Анвар” кооперативинин түзүлүүсү менен жогорку сапаттагы бадам көчөттөрү отургузулду. Долбоор толугу менен ишке ашырылса, 200,0 га жер аянты суулуу, жашыл аймакка айланып, аймактагы сугат суу маселеси чечилет. Анткени Баткен шаарында кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин жалпы аянты 469,0 гектарды түзсө, анын ичинен 268,0 га сугат айдоо, 124,0 га көп жылдык бак, 77,0 га кайрак жер болуп саналат.

Суроо:

-Шаарда социалдык тармакты өнүктүрүүгө да өзгөчө көнүл бурулууда, ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолсонуз.

-Облус борбору болгон Баткен шаарында ички миграциянын агымы көбөйүп, бала бакчага, мектептерге болгон муктаждык да өсүүдө. Көйгөйдү чечүү максатында 600 орунга ылайыкташкан мектептин имаратынын курулушу аяктоо алдында турат. Ошондой эле 1200 орундуу кыргыз-орус мектебин куруу ишке ашырылат. Мындан сырткары, кошумча дагы 225, 275, 375 орундуу 4 орто мектептин имаратын, 140 орунга ылайыкташкан 3 балдар бакчасын куруу АРИС уюмуна сунушталган.

Ал эми кадрдык муктаждыкты камсыздоо жана алыскы аймакты өнүктүрүүдө “Иса Ахунбаев” атындагы медициналык академиянын курулушу – Баткен жаштары үчүн келечекке салым болуп каларынан үмүтүм чоң. Калк саламаттыгына кам көрүүдө окуу жайдын ооруканасынын иштөөсү да биздин элге көрсөтүлгөн камкордук болот деп эсептейм. Ошондой эле, жергиликтүү жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө эс алуу жайларын реконструкциялоо, тротуарларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу жана жашылдандыруу, дени сак жашоо образын жайылтууда спорт комплексин куруу иштери жүзөгө аша баштагандыгын да кошумчалап кетким келет.

Суроо:

-Акыркы үч жыл аралыгында шаарда көчөлөрдун кенейтилиши, ички жолдордун ондолушу көзгө көрүнөрлүк иштер жасалууда. Бул иштердин каржылоо булагы кайдан болууда.

-Ички жолдор шаар ичинде 177,5 чакырымды түзүп, анын ичинен 42,4 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Өткөн жылы өлкө башчысы Жапаров Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен 520 метр жол асфальтталган. Быйылкы жылга карата республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле АРИС уюмунун колдоосу менен жолдорго асфальт төшөө жумуштары колго алынат. Себеби Баткен шаарынын ички жолдорунун 133,3 чакырымы, же болбосо 75,1 % асфальттоого муктаж. Буга байланыштуу учурда атайын комиссия түзүлүп, шаар ичиндеги көчөлөрдү кеңейтүү, жол куруу иштерине даярдоо жумуштары жүрүүдө.Ал эми кенейтилген көчөлөр тууралуу айта турган болсок акыркы үч жыл аралыгында шаардын ички көчөлөрү кенейтилип, мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүп, тротуар курулуп, суу ноолору жаткырылды. Тагыраак айтканда Ж.Момунов, Ж.Бөкөнбаев, Г.Абдубалиева көчөлөрүндө аталган жумуштар аткарылды. Быйылкы жылы М.Сейдалиев, И.Каюмов, 1-май, И.Раззаков көчөлөрүн кенейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле И. Раззаков жана О.Абдрахманов көчөлөрүнө асфальт төшөөгө даярдыктар жүрүүдө. Бул сыяктуу иштер алдыда улана берет.

Суроо:

-Шаарда калкты турак-жай менен камсыз кылуу маселеси кандай чечилүүдө?

-Жарандарыбыздын өз турак-жайына ээ болушу үчүн системалуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, соңку жылдары турак жай маселеси, шаар тургундарынын көйгөйлүү маселесине айлангандыгын жашыра албайбыз. Ал үчүн Кызыл-Жол жана Чет-Булак кварталынан жалпы 199,6 га жер аянтын трансформациялоо боюнча шаардык деңгээлдеги иш кагаздар даярдалып, жогорку органдарга сунушталган. Себеби турак жайга муктаждык боюнча шаар калкынын 15,2%ы же 5200 арыз берген жаран бар. Мындай муктаждыкты чечүү үчүн мамлекеттик ипотекалык компанияга 0,50 га, жеке комапанияларга 0,45 га жер аянты көп кабаттуу үйлөрдү курууга сунушталган. Эми шаарда 5000 кожолукка үзгүлтүксүз таза суу жеткирүү, канализация тутумдарын, саркынды суу тазалоочу жайын жаңыдан куруу долбоору ишке ашырылса, алдыдагы 5 жыл аралыгында жогоруда айтылган муктаждыктарды дээрлик толук кандуу чечүүгө көмөк берет.

Суроо:

-Шаардын Чет-Булак аймактык башкармалыгындагы өнөр жай аймагына токтоло кетсениз.

-Өнөр жай тармагын өнүктүрүү максатында шаар аймагында 172,9 га жер аянты «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер» багытында трансформацияланып, 19 жеке ишкерден жаңы ишканаларды ачуу боюнча арыздар түшкөн. Бул аймакка өнөр жай ишканаларын, шаарда приоритеттүү болуп саналган өрүктү кайра иштетүү, логистика, тигүү цехтерин, социалдык объектилерди, технопарк, спорт комплекс, соода түйүндөрүн жайгаштыруу пландалган. Ошондой эле, жакынкы жылдарда 2423 жумуш орун менен камсыз кылуучу 32 жаңы ишкананын ачылышы күтүлүүдө.

Өнөр жай алкагын өнүктүрүү, инвесторлорду тартуу максатында инфраструктура, коммуникация маселелерин чечүүгө республикалык бюджеттен каралган каржылык колдоонун негизинде 5,0 чакырым жолду асфальттоо, электр энергиясын тартуу, көмөкчү чордон куруу, 3 участкада жер астынан (скважина) суу чыгаруу, 6,5 чакырым канализация тутумдарын куруу жана 3 чакырымга таза суу түтүктөрүн тартуу долбоору ишке ашуу алдында турат. Натыйжада шаарда ишкерликти жандантуу, өнөр жай тармагын өнүктүрүү жана инвесторлорду тартуу жолго коюлат.

Баткен - 25 жаштагы эң жаш шаар. Кыргыз Республикасынын “Баткен областындагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаар статусун берүү” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы областтык маанидеги шаар статусу берилген. Баткен – өлкө борборунан 1000 чакырым алыста жайгашкан, шарты катаал, өзгөчө стратегиялык мааниге ээ болгон шаар. Ошого карабастан шаар өнүгүү жолунда .

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, эң алыскы аймакта жайгашкан Баткен шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө, жергиликтүү элдин жашоо-шартын жакшыртууда артыкчылыктуу багыт катары төмөнкүлөргө токтолуп өткүм келет. Анткени, 2029-жылга чейинки 5 жыл аралыгында бардык жактан өнүгүүнү камсыздоо үчүн биздин Баткен шаарында эң ириде Өрүкзарлуу өрөөндүн приоритети болгон өрүктү кайра иштетүүчү кичи цехтерди жана логистикалык ишканаларды ачуу, таза суу, канализация тутумдарын, саркынды сууларды тазалоочу жайын, шаар калкын газ менен толук камсыздоо. Ошондой эле электр унааларын кубаттоочу станция, электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртуу үчүн кичи ГЭСтерди куруу, туризм тармагын жандандыруу жана инвестиция тартуу, ирригация ишин илгерилетүү менен жашыл аймакты уюштуруу болуп саналат. Ал эми шаардын тазалыгын камсыздоо жана таштандыларды кайра иштетүүнү колго алуу-учур талабы. Келечек ээлери болгон балдардын татыктуу билим алуусу үчүн заманбап шарттагы билим берүү мекемелерин, поликлиника жана шаардык балдар ооруканасын куруу, көмүскө экономиканы кыскартуу менен жергиликтүү бюджеттин көлөмүн жогорулатуу-негизги максаттардын бири. Чакан жана орто ишкердикти, ички дүң продукциянын көлөмүн өнүктүрүү – биздин башкы милдетибиз жана албетте ишке ашат деп ишендире алам.

-Имамназар Апызович, кенен маек бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Албетте Баткен шаары келечекте өнүккөн шаарлардын катарына кошулат деген ишеничтебиз.