18.12.2024

Кароолор: (5)

БАТКЕН ШААРЫНЫН АЙМАГЫНДА “ТАЙГАЛАК” АТАЛЫШЫНДА РЕЙД ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТАТ

Баткен шаарынын аймагында Баткен ШИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери “Тайгалак” аталышындагы рейд өткөрүп жатат. Бул рейдтин максаты унаа кырсыгын болтурбоо болуп, саналат.

Рейд учурунда авто унаалардын жайкы дөңгөлөктөн кышкы дөңгөлөкө өтүүсү каралып, жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унааларга Баткен ШИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан айып пул салынат.

Эске сала кетсек рейд ушул жылдын 17-декабрынан 20-декабрына чейин жүргүзүлөт.

Баткен ШИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери айдоочуларга эскертет, өзүңүздүн жана авто унаадагы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактап, унааны кышкы дөңгөлөккө которуу зарыл.