16.01.2025

Кароолор: (78)

БАТКЕН ШААРЫНЫН КАЛКЫН МЭРИЯДА КАБЫЛ АЛУУ ГРАФИГИ

Баткен шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы “Коомдук кабылдама” жөнүндөгү №197 тескемесинин негизинде Баткен шаарынын мэриясынын жетекчилиги 2025-жыл үчүн жарандарды өздүк маселеси менен кабыл алуу күндөрүнүн графиги бекитилди.

Баткен шаарынын мэри Бурканов Имамназар Апызович ар жуманын шаршемби күнү 14:00 дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат.

Баткен шаарынын мэринин орун басары Орозов Акылбек Курбанбекович ар жуманын бейшемби күнү 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат.

Баткен шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Бегалиев Мамасалы Сатыбалдыевич ар жуманын шейшемби күнү 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат.

Мындан сырткары Баткен шаарынын мэриясынын ишеним телефону иштейт 5-07-74

Ошондой эле жарандар www.kattar.kg интернет порталы, b.meria-jalpy@mail.ru электрондук дареги аркылуу мэрге кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин да эске салабыз.