31.12.2023

Кароолор: (27)

Баткен шаарынын мэри Бурканов Имамназар Апызовичтин жаңы жылдык куттуктоосу

Урматтуу Баткен шаарынын тургундары жана коноктору!

Кымбаттуу жаш достор!

​Сиздерди жаңы жыл майрамыңыздар менен өзүмдүн жана үй бүлөмдүн атынан чын жүрөгүмдөн кызуу куттуктаймын!

​Жараткан Аллах элибизге ыйман, ынтымак, сабырдуулук, биримдик, бак-таалай, жерибизге тынчтык, береке берсин!

​Жаңы жыл ар бир үй-бүлөгө бактылуулук, кубаныч, жакшылык, береке алып келсин!

​Кадырман элим!

Өтүп бараткан жыл Баткен шаарынын бардык тармактарында жагымдуу окуялар, маанилүү жетишкендиктер жана позитивдүү өзгөрүүлөр менен коштолду. Биз сиздер менен биргеликте келерки жылга жакшы кадам жасадык. Биз жаңы жылда көп жакшы нерселерди күтөбүз жана бул үмүттөр орундалышы үчүн болгон күчүбүздү жумшоого даярбыз.

​Сиздер мага шаарыбыздын тагдырын ишенип бердиңиздер, бул ишенимди аткарганга, шаардын турмушун, инфраструктурасын жакшыртканга эмгек жамаатым менен биргеликте колумдан келген аракетимди жасайм.

​Урматтуу достор!

​Сиздерди келе жаткан жаңы жыл майрамыңыздар менен куттуктап, жаңы жыл жүрөгүңүздү жылуулукка жана боорукердикке бөлөп, кубаныч тартуулап, позитивдүү маанайды жаратуусуна тилектешмин.

​Ар бир үйгө жаңы 2024-жыл бакыт-таалай, бакубат жашоо, тынчтык жана ынтымак алып келсин!

​Жерибизде тынчтык болуп, Алла Таала биздин өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү берсин.

​Дагы бир ирет майрамыңыздар менен урматтуу шаарыбыздын тургундары, коноктору жана жалпы Кыргызстандыктар.