05.07.2024

Кароолор: (18)

БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИ ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Бүгүн 5-июль күнү Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын эли менен жолукту.

Аталган аймактык башкармалыктын эли айрым жерлерде ичүүчү суу шор чыгып, пайдаланууга жарабай жатканын айтышты. Баткен шаарынын Таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Зилалидин Олжоев маселе каралып, оң жагына чечилээрин билдирди.

Ошондой эле аймак, Ош-Разаков жолунун боюнда жайгашкандыктан унаалардын ылдамдыгы жогору болуп, авто кырсыктар катталып жаткандыктан кандайдыр бир чара көрүлүүсүн шаар бийлигинен өтүндү. Бул боюнча укук коргоо органдары маселе каралаарын билдирди.

Калкты турак жай менен камсыз кылуу маселесине Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жегиликтүү тургундарга төмөнкүдөй жооп берди.

“Турак жай маселеси, шаар тургундарынын көйгөйлүү маселесине айлангандыгын жашыра албайбыз. Ал үчүн Кызыл-Жол жана Чет-Булак кварталынан жалпы 199,6 га жер аянтын трансформациялоо боюнча шаардык деңгээлдеги иш кагаздар даярдалып, жогорку органдарга сунушталган. Турак жайга муктаждык боюнча шаар калкынын 15,2%ы же 5200 арыз берген жаран бар. Мындай муктаждыкты чечүү үчүн мамлекеттик ипотекалык компанияга 0,50 га, жеке комапанияларга 0,45 га жер аянты көп кабаттуу үйлөрдү курууга сунушталган”-деди калаа башчысы.

Баткен шаарынын мэри жана мекеме ишканаладын жетекчилери буга чейин Кызыл-Дөң жана Базар-Башы аймактык башкармалыктадын калкы менен жолугушкан.