16.01.2026

Кароолор: (13)

БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИ КАЛК МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАРЫН УЛАНТУУДА

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев Чет-Булак аймактык башкармалыгына караштуу Аэропорт конушунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, калк тарабынан көтөрүлгөн социалдык жана инфраструктуралык мүнөздөгү маселелер талкууланды.

Тургундар жолдордун абалы, таза суу менен камсыздоо, мыйзамсыз курулуштар, электр энергиясы жана башка күнүмдүк көйгөйлөр боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө айтылган маселелердин көпчүлүгү ошол эле жерде каралып, тиешелүү адистер тарабынан түшүндүрмөлөр берилип, чечүү жолдору сунушталды.

Айрым маселелерди чечүү үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынгандыктан, аларды ишке ашырууга так мөөнөттөр белгиленип, аткарылышы көзөмөлгө алынаары айтылды.

Жолугушуунун соңунда мэр мындай иш-чаралар шаар тургундары менен түз байланыш түзүүгө, көйгөйлөрдү жеринен угуп, ыкчам чечүүгө багытталганын белгиледи.