14.04.2024

Кароолор: (16)

БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИ КЫЗЫЛ-ДӨН АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Бүгүн 14-апрелде Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери эл менен жолугушуп, айтылган көйгөйлөрдү жеринен укту.

Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен болгон жолугушуу негизинен суроо-жооп иретинде болуп, эл аймактагы негизги делген көйгөйлөрүн айтышып жоопторду ала алышты.

Негизинен сугат суу, таза суу, тазалык тууралуу көйгөйлөр айтылып, тийешелүү жетекчилер жаралган ыңгайсыздыктарды жоюууга мүмкүнчүлүктөр бар экендигин билдиришти.