04.02.2025

Кароолор: (3)

БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

Баткен шаарынын мэриясы жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү. Жыйынга Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, коллегия мүчөлөрү жана шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Баткен шаарында 2023-жылга салыштырмалуу 2024-жылы өнөр жай, айыл чарба, жана калкка кызмат көрсөтүүдө өсүү байкалган.

Баткен шаарында салык толомдорун жыйноо, кошумча булактар үстүндө иш алып баруу, жакырчылык, жумушсуздуктун денгээлин төмөндөтүү, жаны жумуш орундарын түзүү, таза суу жана тазалык маселелерин чечүү боюнча тапшырмалар коюлду.

Шаардагы жалпы билим берүү, мектепке чейинки мекемелеринде окуу процессинин денгээлин көтөрүү жана мекеме-ишканаларда жарандарды кабыл алуу, кайрылуулар менен мыйзам талабында иш алып баруу жагы милдеттендирилди.

Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов мекеме ишкана жетекчилерине алдыда аткарыла тураган иштерди милдеттендирип, шаар калкына жакшы шарт түзүү керектигин белгиледи.