07.02.2024

Кароолор: (21)

БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНДА ЗОРДУК ЗОМБУЛУК БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛДУ

Бүгүн 7-февралда эрте никеге туруу жана үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу тууралуу жыйын болду.

Баткен райондук прокуратурасынын демилгеси менен уюштурулган жыйынды Баткен шаарынын мэринин орун басары Мансурбек Маматисаев алып барды.

Жыйынга Баткен райондук прокуратурасынан Узакбек Алиев, Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнөн Курсанали Басиров, КРнын дин комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, аксакалдар сотунун төрагасы Хайит Айкынов, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Курсанали Турдубаев, аялдар кеңешинин мүчөлөрүнөн, мугалимдер жана активистер катышты.

Жыйын талкуу иретинде өткөрүлүп, эрте никеге туруунун кесепеттери, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун зыяндуулугу сөз болду. Айрыкча өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери байма бай өткөрүлүп, алдын алуу сөзсүз керектиги айтылды. Эгерде зордук зомбулуктун алдын албаса коомчулук арасында орчундуу көйгө жараалары белгиленди.

Эрте никеге туруу жана үй-бүлөлүк зордук зомбулук тууралуу мыйзамдуу жактарын укук коргоо органдары тарабынан айтылса, дин жаатында да мыкты түшүндүрмөлөр болуусу шарт экендиги айтылды.