05.11.2024
Кароолор: (11)
БАТКЕН ШААРЫНЫН ӨНҮГҮШҮНӨ САЛЫМ КОШКОН АТУУЛДАР СЫЙЛАНДЫ

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиянын чыгарган чечимине ылайык Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата буйрук чыгарылып ага Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов кол койгон.
Буйрукта Баткен шаарынын түзүлүшүнө, түптөлүшүнө, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн төмөнкү атуулдар “Баткен шаарынын 25 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды.
Сейдакмат Эрматов, Эркин Рахматов, Абдилла Акматбеков, Равшанбек Бадалов жана Хафиса Сарыбаевалар.