21.10.2024

Кароолор: (5)

БАТКЕН ШААРЫНЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ЗОР САЛЫМ КОШКОН ЖЕТЕКЧИЛЕР СЫЙЛАНДЫ

Баткен шаарынын түзүлүшүнө, түптөлүшүнө, социалдык-экономикалык жактан кошкон зор салымы үчүн шаардагы мекеме ишканалардын жана аймактык башкармалыктын башчылары “Баткен шаарына 25 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды.

Сыйлыкты Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов тапшырып, сыйлык ээлерин куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиянын протоколунун негизинде Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Баткен шаарынын мэриясы сыйлоо жөнүндө буюрук чыгарган.