01.07.2024

Кароолор: (8)

БАТКЕН ШААРЫНЫН САЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Бүгүн 1-июль Мамлекеттик салык кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Баткен шаарынын салык кызматында эмгектенген үч кызматкерге шаар мэри Имамназар Буркановдун буюругунун негизинде ардак грамота жана алкыш барактары тапшырылды.

Сыйлыкты Баткен шаарынын мэрясынын аппарат жетекчиси Мамасалы Бегалив тапшырып, кесиптик майрам менен куттуктады.

Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаары боюнча башкармалыгынын салыкты конторолдоо жана карызды өндүрүү бөлүмүнүн инспектору Сайда Темирова “Ардак грамота” менен сыйланды.

Ошондой эле “Алкыш баракчасы” менен Жолдошбек Калыков жана Зайирбек Мамытовдор сыйланды.