12.02.2024

Кароолор: (17)

Баткен шаарынынын мэриясындагы жетекчилердин жарандарды кабыл алуу графиги.

Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» №67-мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы “Коомдук кабылдама” жөнүндөгү №197 тескемесин аткаруу максатында буйрук кабыл алынган.

Жогорудагы мыйзамдын негизинде мэрдин, анын орун басарларынын жана аппарат жетекчисинин 2024-жыл үчүн жарандарды өздүк маселеси менен кабыл алуу күндөрүнүн графиги бекитилген.

Баткен шаарынын мэри Бурканов Имамназар Апызович шаршемби күнү саат 15:00 дөн 17:00 гө чейин.

Баткен шаарынын мэринин биринчи орун басары Орозов Акылбек Курбанбекович бейшемби күнү саат 15:00 дөн 17:00 гө чейин.

Баткен шаарынын мэринин орун басары Маматисаев Мансурбек Тойчубекович жума күнү саат 15:00 дөн 17:00 гө чейин.

Баткен шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Бегалиев Мамасалы Сатыбалдыевич шейшемби күнү саат 15:00 дөн 17:00 гө чейин.

Баткен шаарынын мэриясындагы “Ишеним телефону” 5-01-10