29.03.2024
Кароолор: (9)
БАТКЕНДЕ "САЛЫК ЧЕК" ЛОТЕРЕЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ БАЙГЕЛЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

Баткен облусу боюнча 31 жеңүүчү аныкталган. Аларга Бүгүн 29-мартта Баткен шаарынын мэриясынын кичи залында, мэрдин биринчи орун басары Акылбек Орозов, Баткен райондук жана шаардык салык кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда байгелер тапшырылды.
Жалпы облус боюнча 5 ноотбук, 14 айфон 14 үлгүсүндөгү телефон жана 9 смартфон, жеңүүчулөргө тапшырылды.
Лотереянын негизги максаты – жарандардын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу жана контролдук-кассалык машинаны колдонуучу салык салуу субъекттерин элдик контролдоону мобилизациялоо жолу менен көмүскө экономиканын секторун кыскартуу.
Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө ККМди колдонуунун социалдык-экономикалык мааниси жөнүндө коомдук пикирди өз убагында жана туура калыптандыруу – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр катары жарандардын өз кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча укуктук маданиятын тарбиялайт.
ККМди колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын бузган салык салуу субъекттерин аныктоо ККМди колдонуу эрежелерин сактоо тартибин жогорулатат.
Жарандардын акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө ККМдин чектерин талап кылуу жигердүүлүгүн өнүктүрүү мыйзамсыз бизнес менен күрөштү күчөтөт.
Мындан ары салык чек аркылуу лотерея ойнотулбайт, бирок башка өңүттө акциялар өткөрүлөт.