25.04.2024

Кароолор: (12)

БАТКЕНДЕ ЧЕРНОБЛЬ АТОМДУК ЭЛЕКТРОСТАНЦИЯСЫНЫН КЫРСЫГЫНАН КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ

Бүгүн 25-апрелде Баткен шаарында Чернобыль атомдук электростанциясынын кырсыгынан курман болгон жоокерлерди эскерүү иш чарасы өткөрүлдү.

Эскерүүгө Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен шаарынын мэринин биринчи орун басары Акылбек Орозов, ардагерлер жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Быйыл Чернобыль атомдук электростанциясынын кырсыгынын 38 жылдыгын эскерүүдө мэрдин оруну басары Акылбек Орозов “Кыргызстан эли, өз уулдарын жоготкон ата-энелер, ошол апааттын бардык азап-тозогун, башынан кечирген катышуучуларын эч качан унутпайт. Баткен шаарынын аймагынан 16 жоокер катышкан болсо, бүгүнкү күндө Баткен шаарында Чернобыль атомдук электростанциясынын кырсыгынын 2 катышуучусу бар. Ал эми кырсыкка катышкан катышуучулардын арабыздан өтүп кеткендиги өзгөчө өкүнүчтүү. Сиздердин эли-журт алдындагы мекенчил сезиминиздерге таазим этүү менен жаштарды эли-журтун коргоого, мекенчилдикке тарбиялоого кошуп жаткан салымыңыздарды баалайбыз, Сиздер менен сыймактанабыз.”-деди.

Эскерүүнүн соңунда курман болгондордорго арнап куран окулду.

Эске сала кетсек 1986-жылы 26-апрелге караган түнү Украинанын Чернобыль АЭСинде жарылуу болуп, радиоактивдүү заттар айлана-чөйрөгө тараган.

БУУнун расмий маалыматында 50 киши авария кесепетинен каза таап, андан кийинки зыяндуу нурдан төрт миңдей киши көз жумганы айтылат.

Бирок башка изилдөөлөр андан кийинки он жылдыктагы радиоактивдүү нурлануунун курмандыктарын жүз миңдеп санашат. Чернобыль АЭСиндеги жарылуунун кесепетинен каза тапкандар 200 миң кишиге чейин жеткен деп айтылат кээ бир изилдөөлөрдө.