02.03.2024

Кароолор: (12)

БАТКЕНДЕ ЭКИ ИШКЕРГЕ БРЕНД СЕРТИФИКАТЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Облустук деңгээлде өткөрүлгөн Баткен бренд азыктарын аныктоодогу комиссиянын отурумуна Баткен шаарынын мэринин биринчи орун басары Акылбек Орозов катышты.

Баткен облусунун аймагында өндүрүлгөн азыктардан атайын айнек идиш, целлофан баштыктар, кагаз кутуда даярдалган табигый азыктарды коммиссия "Баткендин бренди" катары чыгарууну аныктап, сертификаттарды тапшырды.

Япония JICA агенттигинин Кыргызстандагы "Бир айыл, бир азык" долбоору тарабынан сунушталып уюштурулган иш чарада жалпы жети азык каралды.

Комиссияда каралгандар Баткендин органика өрүгүнүн майы, жүзүм ширеси, Айгүл токочу, дан куурай ширеси, кургатылган ит мурун, Ак-Турпак күрүчү болду.

Өндүрүүчүлөр Баткен шаарынын тургундары Гүлнара Досматова жүзүм ширеси боюнча, ал эми Барнохан Ахматова "Айгүл" токочун чыгаруу менен сертификатка ээ болушту.

Мындай иш чаранын алкагында Баткен облусунда өндүрүлгөн табигый азыктардан даярдалган Баткен бренди аталган азыктарды Япония өлкөсүнө экспорттоого мүмкүнчүлүк пайда болду.

Иш чарага Президентин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Кызыл Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков, JICA долбоорунун өкүлү Такехиро Андо жана жергиликтүү ишкерлер катышты.

Эске сала кетсек 2022-жылы аталган долбоор алкагында өндүрүлгөн 8 азыктын түрүнө облуста түзүлгөн бренд комитет тарабынан сертификат тапшырылган. Мындан ары да Баткен облусунун аймагында өндүрүлгөн табигый азыктарга, бренд коммиссия жыл сайын сынак өткөрүп, сертификаттарды ыйгармакчы.