08.07.2024
Кароолор: (8)
БАТКЕНДЕ КЫЛКАНДУУ ДАН ЭГИНДЕРИН ОРУП ЖЫЙНОО БАШТАЛДЫ

Баткен шаарында күзгү оруп жыйноо иши кызуу башталды. Тегирмен-Башы асыл тукум эчки заводу кайрак жана сугат жерлерге кылкандуу дан эгиндерди сепкен.
Жалпысынан 37 гектар жер жогоруда аталган чарбага тийиштүү болуп, анын 19 гектарына арпа менен беде себүү жумуштары аткарылган. Ошондой эле 18 гектар жерге буудай менен беде себилген.
Мындан тышкары Кызыл-Дан үрөөнчүлүк чарбасында 15 гектардан ашуун жерге күздүк буудай себилген. Ошондой эле 10 гектардан ашуун жерге жаздык арпа айдалган.