25.07.2025
Кароолор: (66)
БАТКЕНДЕ МАЛ АСЫЛДУУЛУГУ ЖОГОРУЛАЙТ
Баткен облусуна 15 заманбап жасалма уруктандыруу шайманы ветеринарлар үчүн бөлүнүп, анын ичинен Баткен шаарына да бир шайман берилди. Бул долбоор Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен «Агро кластерлерди туруктуу өнүктүрүү» программасынын алкагында, Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылууда.
Бул аракет мал чарбасын сан жагынан сапатка өткөрүү максатында жүргүзүлүп жатат. Жасалма уруктандыруу менен малдын асылдуулугу артат. Натыйжада, сүт азыктары менен эттин сапаты да жакшыртылат.
Берилген заманбап шаймандар мал уруктандыруу пункттарында иштин жанданышына шарт түзөт. Адистер — осеменаторлор жана ветеринарлар — шаймандарды иштетүүгө толук даяр жана атайын окутуудан өтүшөт. Ошондой эле тиешелүү министрлик региондорго акысыз уруктар менен азот жеткирип берет.
