12.06.2024
Кароолор: (36)
БАТКЕНДЕ МЫЙЗАМСЫЗ СООДА КЫЛГАНДАРГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ

Баткен шаарындагы базар айланасындагы мыйзамсыз соода кылгандарга эскертүүлөр берилип, айрымдарына Баткен шаарынын мэриясы тарабынан айып пул салынды.
Рейдке Баткен шаарынын мэриясынын, укук коргоо органынынын жана салык кызматынынын кызматкерлери чыгышты.
Мыйзамсыз соода кылгандар шаардын тургундары жана конокторуна унаа менен же жөө жүргөндөргө тоскоолдук кылып, ыңгайсыздык жаратып келишет.
Буга чейин мэрия тарабынан бир канча эскертүүлөр берилип, айып пул салынган.
Мындан ары көчөнү иретке келтирүү иштери мэрия тарабынан дагы уланат.